Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов Жеңиш Разаков менен Кой-Таш окуясы боюнча атайын түзүлгөн мамлекеттик комиссияга ачык кат аркылуу кайрылды. Анда маркум У.Ниязбековдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтып, чыныгы күнөөкөрлөр жазасын алсын деп кудайдан тилеп олтурганы, өзүнүн дарегине жана А.Атамбаевдин башка тарапташтарына коюлган айыптар абсурд экени, ойдон чыгарылганы айтылат. Андан соң мамкомиссияга 7 суроо берген. Суроолорунда УКМКнын баштапкы операция фактысы массалык башаламандыкка себеп болгону, ал фактыны иштен бөлүп салышканы, ошол операцияны уюштурган күч түзүмдөрүнүн жетекчиликтери эмнеге жоопкерчиликкке тартылбаганы, “Альфа” жоокерлерин ким сактап калганы, ким аларга көмөк көрсөтпөй койгону, Атамбаевдин тарапташтары элди тынчытып турганы, эмнеге Форумду көздөй барышпаганы, Атамбаевдин 8-августка караган түнү кайрылуу жасаганы эске алынбаганы боюнча суроолорду берген. Ошондой элекомиссиянын жыйынына катышып, бардыгын төкпөй-чачпай айтып берүүгө даяр экендигин баса келтирген.
Фарид Ниязовдун толук катын КСЖПнын басма сөз кызматы бүгүн, 14-октябрда таратты.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ