Menu

Батукаевге байланыштуу баштапкы соттук жыйын башталат. Бүгүн Атамбаев келээр бекен?..

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-октябрда, Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш ишинин соту саат  14:00до башталат. Бул тууралуу Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, бул ишке айыпталуучу катары төрт адам өтүп жатат, алар: мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов.

Ал эми Атамбаевдин бүгүн сотко келээр, келбесин азырынча билбейт. Ошентсе да буга чейин Атамбаевдин айтып келген сөзүн кайталады: “Алмазбек Шаршенович башында эле бийликтин оюнуна катышып, анда роль аткара албасын айткан. Ошондой эле ал Батукаевдин ишине карата козголгон ишти мыйзамсыз деп эсептейт», -дейт Слесарев.

Эске сала кетсек, Батукаевдин иши боюнча алгачкы сот 11-октябрда Биринчи май райондук сотто болмок, Атамбаев сот отурума келүүдөн баш тартып койгонуна байланыштуу 14-октябрга жылып калган. 11-октябрда сотко мурдагы башкы прокурорлор  Аида Салянова менен Индира Жолдубаева келишкен. Жолдубаева журналисттердин суроолоруна жооп бербей качкан. Ал эми Салянова бул иш боюнча тергөөгө буга чейин айтып келген эле маалыматтарды айтып бергенин айткан.

Эскерте кетсек, оор кылмыштар үчүн соттолгон Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Атамбаев бийликте турган үчүн бул иш жабык бойдон калган. Сооронбай Жээнбеков президент болуп келгенден кийин, алты жылдан кийин, бул иш кайра козголуп, бир топ тиешеси бар адамдар соттолуп, үй камагына чыгып отурат. Жыйынтыгында, Атамбаев өзү да абакка отуруп калды, тагырагы, Батукаевдин ишине байланыштуу ага «Коррупция» беренеси боюнча айып коюлган. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында камакта.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 + = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: