Menu

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова «Келечек» конушундагы үйдө чыккан өрттүн натыйжасында истүү газдан ууланган балдардын абалынан кабар алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова «Келечек» конушундагы үйдө чыккан өрттүн натыйжасында истүү газдан ууланган Таштанбековдордун үй-бүлөсүндөгү балдардын абалынан кабар алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өрттөн улам үй-бүлө жашаган турак-жай толугу менен күйүп кеткен, натыйжада, 2015, 2016, 2017-жылы туулган үч бала ууланган. Учурда балдар Бишкек шаарындагы Балдардын медициналык тез жардам көрсөтүүчү клиникалык ооруканасынын реанимациялык бөлүмүндө жатат (№3 балдар ооруканасы).

Вице-премьер-министр балдардын абалынан кабар алып, Таштанбековдордун үй-бүлөсүнө колдоо берүүчү жылуу сөздөрүн билдирди. Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, Өкмөт тараптан материалдык көмөк көрсөтүлүп, ошондой эле балдарга жөлөкпул алууга көмөк көрсөтүлөт.

Шаардык №3 балдар ооруканасынын жетекчилиги вице-премьер-министрге бардык тийиштүү дармектердин бар экендиги тууралуу маалымат берди. Алтынай Өмүрбекова балдарды күнү-түнү тийиштүү медициналык кароого алуу зарылдыгы тууралуу тапшырмасын берди.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: