Бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында экс-депутат, бизнесмен Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иши боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен Башкы прокуратуранын маалыматын угуу күн тартибине кирген жок.
Эскерте кетсек, кечээ, 12-декабрда өткөн парламенттин жыйынында депутат Максат Сабиров Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иши боюнча Башкы прокуратура менен УКМКнын маалыматын угууну жана аны талкуулоону сунуштаган. Депутаттын бул сунушун Руслан Казакбаев да колдогон.
Жыйынтыгында бүгүн, бул сунуш колдоо таппай, күн тартибине кирген жок.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ