Menu

Сурамжылоо: “Facebook” 21-кылымдын оорусуна айланып баратабы?

Бөлүшүү:

Акыркы мезгилде коомчулук виртуалдуу дүйнө менен гана баарлашып, куттукташып, амандашып жаткандыгынан улам, маңдай-тескей чер жазышкан адамдар аз болуп бараткандай сезим калтырат. А түгүл жашыруун “фейк” аккаунттар менен биринин этин бири жегендер андан көп, Айталы, учурда кыргыз коомчулугунда социалдык тармактардын арасынан эң көп колдонулганы “Facebook”. Бул тармакта аз эле жерден төрөлө кал­ган наристеден тартып, мамлекет башында турган инсандарга чейин өзүнүн көйгөйлөрү, ой-пикирлери, кубанычы, кайгысы менен тең бөлүшөт. Бардыгыбызды магниттей тартып алган “Facebook” компаниясы тууралуу азыноолак маалымат берүү менен бирге, “Facebook” колдонуучуларынан эмне максатта колдоноорун сурамжылоону туура көрдүк.

21-кылымдын эң популярдуу бренди “Фейсбук” жана анын түзүүчүсү дүйнөдөгү эң жаш миллиардер Марк Цукерберг.

Бүткүл дүйнөнү өз кучагына алган “Facebook” компаниясы 2004-жылдын 5-февралында айтылуу Гарвард университетинин бүтүрүүчүсү Марк Цукерберг тарабынан ишке кирген. Алгач университеттин ичинде гана колдонулса, бара-бара башка окуу-жайлар да кошула баштаган. Цукер­берг анын социалдык тармагына кызыккандардын баамын байкаган соң “PayPal” компаниясынын түзүүчүлөрүнүн бири Питера Тилден 500 миң доллар карызга алып, “Facebook” компаниясынын пландарын кеңейтүү иштери менен алек болгон. Арадан жарым жылдай гана убакыт өткөн соң компаниянын иштери илгерилеп, колдонуучулардын саны миллиондон ашкан. Учурда “Facebook” аркылуу дүйнөдөгү миллиарддаган бири- бирин издеген адамдар табышып, жөн гана кат алышуу менен гана чектелбестен, бири-биринин жашоосун, ишин, тиричилигин көрүп туруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул тармак аркылуу каалаган адам өзүнүн ишмердүүлүгүн жар салып, жарнама кыла алат. Бул тармак аркылуу табы­шып, баш кошкондор андан көп. “Facebook” тааныш эмес адамдарга бири-бири жөнүндө маалымат алууга эң жакшы мүмкүнчүлүк түзөт. Кимдир бирөө жөнүндө маа­лымат алуу үчүн аны башкалардан сураштырып отурбай, дароо баракчасына баш багуу менен эң эле жок дегенде эмне иш кылаары, эмнеге кызыгаары тууралуу билүүгө болот. “Facebook” 21-кылымдын эң алдыңкы бренди деп аталганынын себеби, бул компаниянын түзүүчүсү Марк Цукерберг учурда дүйнө жүзүндөгү эң алдыңкы бай адамдардын caп башында турат. Жаш болгонуна карабай бүтүндөй дүйнөнү өзүнө багындырган Цукерберг 1984-жылы 14-майда Нью-Йоркто жарык дүйнөгө келген. Кичинесинен башка балдардан өзгөчөлөнүп компьютерди мыкты өздөштүргөн. Мындай жөндөмү менен 6-классында эң биринчи жолу жеке программалоо менен өз алдынча дүйнө ачкан. Программалоону мыкты өздөштүрүүнүн арты менен 9-классында компьютердик оюн түзүп чыккан. Анын мындай талантын баамдаган “Microsoft” компания­сынын өкүлдөрү жумушка чакырышкан. Бирок окуучу кезинде эле өтө акылдуу Цукерберг дүйнөдөгү ири компанияга кызматка кирүүдөн баш тартып, Гарвард университетине окууга тапшырууну туура көргөн. Тилеги орундалып, “психология” факультетине тапшырып, студент кезинде университеттин бардык студенттеринин жана кызматкерлеринин болгон документтери, алар туура­луу маалыматтар сакталган серверин бузууга үлгүргөн. Ал серверди бузаардан мурда университеттин жетекчилигине студенттердин онлайн-правочнигин түзүүнү сунуштаган. Анын сунушу четке кагылгандан кийин серверди бузуп, студенттердин сүрөтү аркылуу бири-бирин көрүүгө жана баа берүүгө ылайыкташтырып, “Facemash” сайтын түзүп чыккан. Мындай тартип бузгандыгы үчүн университет жетекчилиги ал өтө таланттуу студент болгондугун эске алуу менен болгону ага сөгүш жарыялоо менен гана чектелишкен. Дал ушул сайттан кийин Цукербергге “Facebook” сайтын түзүү идеясы келген. 2005-жылы социалдык тармак кеңири кулач жайып, катталгандардын саны өсө баштаган. Канчалык каттал­гандардын саны көп болбосун, каражат маселеси чечилбеген бойдон кала берген. Качан га­на “Microsoft” компаниясынын түзүүчүсү Билл Гейтс каттоодон өтүп, анын баракчасына кайрылгандарга маалымат тарата баштаганда катталуучулардын саны бүткүл дүйнө жүзү боюнча кеңейе баштаган. Билл Гейтс анын барак­часына келген каттарга жооп бергенге жетишпей, а түгүл өзүнүн аккаунтун өчүрүүгө аргасыз болгон. Дүйнөдөгү ири компаниялардын биринин ээсинин катталуусу Цукербергдин багын ачып, учурда эң жаш жана бай адамдардын катарына алып чыгууга көмөкчү болгон.

Алыс кетпейли, өзүбүздүн эле өлкөдө дүйнө менен байланыштырган жана маалымат алууга жакшы мүмкүнчүлүк түзгөн тар­мак дал ушул “Facebook” десек жаңылышпайбыз. Колдонуучулардын саны жылдан жылга көбөйүп, башыбызды “Facebook” биротоло айландырып алгандай, ага күнүгө жок дегенде бир маал кирип чыкпасак ооруй турган деңгээлге жеткендейбиз. Мындан улам колдонуучуларга эмне максатта колдоно тургандыгы жана канча убакыттан бери “Facebook” менен дос экендигин билүү үчүн сурамжылоо жүргүздүк.

 Хабибилла Азиреткулов, обончу, “Facebook” колдонуучусу:

Колдонгонума 10 жылдан ашты. “facebook” оперативдүү маалыматтарга ээ экендиги менен өзгөчөлөнөт”

– Учурда интернет менен ка­тар эле социалдык тармактардын жашообуздагы ролу абдан чоң экени талашсыз. Алардын ичинде башкаларга салыштырмалуу “Facebook” түйүнү өзүнүн аудиториясынын кенендиги жана оперативдүү маалыматтарга ээ экендиги менен өзгөчөлөнөт. Бул тармакты пайдалануу ар кимдин табитине жараша деп ойлойм. Мисалы, мен бир эле багыт боюн­ча пайдаланам дегенден алысмын, ошентсе да негизинен жаңылыктар блогу жагат. Тилекке каршы, көпчүлүк замандаштарыбыздын бул түйүндү ашкере фанаттык мүнөздө пайдалангандыгы өкүндүрбөй койбойт. Бул менин экинчи баракчам. Бул түйүндөн пайдаланганыма он жылдан ашты.

 Баяна Кулова, журналист, “Facebook” колдонуучусу:

“Достошконума 7 жыл болду, ушул аралыкта “facebook” аркылуу дос да, душман да таптым “

– “Facebook” азыр ааламдашып бара жаткан эң күчтүү социалдык баракча болуп жаткандыктан, жамандык-жакшылыгымды, бактылуу күндөрүмдү, ой-пикиримди билдирип туруу үчүн колдоном. Негизи колдонгонума 7 жыл бо­луп калыптыр. Бул убакыт аралыгында көптөгөн жакшы адамдарды дал ушул тармактан таап дос болдум. Ошол эле учурда душмандарды дагы ашырып алдым. Жур­налист маалыматтан эч качан артта калбаш керек, ошондуктан бул социалдык баракча аркылуу жаңылыктарды, ар кандай окуялар менен кенен таанышып турууга болот. Эң жаманы көп убактымды дагы алып коёт.

 Бакыт Качкынов, 5-каналдын түз эфир режиссёру:

“Катталганым эсимде жок бирок “facebook” тармагында ото эле активдүүмүн”

-Азыркы убакта “Facebook” бардык адамдарга маанилүү болуп калбадыбы. Кээ бири дос тапса, кээ бири ар кандай комментарий жазуу менен көңүл ачыш үчүн колдонот. Айрымдары жаңылыктарды окуганга, кээси өзүлөрүнүн жумуштары үчүн катталышат окшойт. Мен кайсы жылы катталганым эсимде жок, бирок “Facebook” тармагында өтө эле активдүүмүн. Көбүнчө жумушка байланыштуу эле колдоном. Себеби ишимде “Facebook” керектүү оокат. Андан сырткары достор менен ар кандай маселелерди, сүрөттөрдү талкуулаганга да керектеп коём.

Жамайка Токонова, төкмө акын, “Facebook” колдонучуусу:

Акыркы маалда “facebook” баракчасы таштандыга айланып бара жатат”

– “Facebook” мен үчүн алыстагылар менен баарлашуу үчүн жардам берет. Жаңылыктар менен да кабардар кылып турат. Бирок тилекке каршы, акыркы маалда “Facebook” баракчасы да таштандыга айланып бара жатат. Бирок колдоно билсе, жакшы жагын көрсө болот. Жаман жери азыр көпчүлүгүбүз убактыбызды ар кимге сын пикир айтуу менен коротуп жаткандыгыбыз болууда.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: