Menu

Мавлян Аскарбеков, активист: “Эгер Америка менен Европага жарандарыбызга эмгек миграциясын жолго салып берсек жылына 4 млрд доллар инвестиция келип турмак”

Бөлүшүү:

“Урматтуу Сооронбай Шарипович, биздин кыргыз жарандары Россия менен Казакстанда гана эмгек миграциясында жүрүп, жылына 2 миллиард доллардан инвестиция жөнөтүп жатышат. Мен өзүм Улуу Британияда 4 жыл эмгек миграциясында жүрүп келген адам катары айткым келет, биз мамлекеттик структуралардын күчүн пайдаланып, биздин жарандарга Америка менен Европа мамлекеттерине да эмгек миграциясына жол ачышыбыз керек. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги, Америка менен Европадагы элчилерибиз, Миграция кызматыбыз ушул өлкөлөрдөн кыргыз эмгек мигранттарына квота алуу үчүн иштешиш керек. Эгер биз Америка менен Европага эмгек миграциясын мыйзамдуу түрдө жолго сала алсак, анда жылына ал тараптан да 4 млрд доллардан Кыргызстанга инвестиция келип турмак”, –  деп билдирди 19-июлда жарандык активист Мавлян Аскарбеков КР Президенти Сооронбай Жээнбеков менен жарандык сектордун лидерлеринин жолугушуусу учурунда.

Эсиңиздерге сала кетсек, кечээ, 19-июлда КР Президенти Сооронбай Жээнбеков “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында жарандык сектордун 40 лидери менен жолугушуу өткөрдү. Алгач 2 саатка белгиленген жолугушуу кызуу талкуулар менен 4 саатка созулуп кетип, анан аяктады. Анда бүгүнкү кыргыз мамлекетинин алдында турган ар кандай көйгөйлөр менен тобокелчиликтер талкууланды.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 5 = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: