Menu

Белгилүү тажик окумуштуусу Хафиз Бобоёров өлкөсүнөн чыгып кетти

Бөлүшүү:

Белгилүү тажик философу жана Тажикстан Илимдер Академиясынын заманбап жараяндарды иликтөө жана божомолдоо борборунун мурдагы жетекчиси Хафиз Бобоёров Германияга чыгып кетти.

Окумуштуу “Азаттыктын” тажик кызматына Германияда жүргөнүн тастыктап, өлкөдөн чыгып кетүү себептерин ачыктоодон баш тартты.

Хафиз Бобоёров 2011-жылы Бонн университетинин философия факультетинде доктордук диссертациясын жактаган. “Ал кезде түбөлүк Германияда калууга мүмкүнчүлүгүм бар болчу, бирок мекениме кызмат өтөөнү чечтим. Алты жылдан кийин кайра Германияга кайттым, бирок башка макам менен”, -деп жооп берди ал.

Хафиз Бобоёровдун пикирлерин расмий бийлик дагы оппозиция дагы жактырбайт. 2015-жылы ал Эмомали Рахмонго “Улут көсөмү” наамын ыйгарууга ачык эле каршы чыккан. Бул титул мамлекет башчыны жана анын үй-бүлөсүн өмүр бою куугунтуктоолордон сактайт.

“Улут көсөмүнүн” ыйгарылышына каршы чыккандан кийин Хафиз Бобоёров Тажикстан Илимдер Академиясынын заманбап жараяндарды иликтөө жана божомолдоо борборунун жетекчилигинен бошотулган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: