Ысык – Көл районунда Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа (мамлекеттик № 01-877 ABR) менен Чолпон-Ата шаардык 103 тез жардам кызматынын “УАЗ” үлгүсүндөгү унаасы кагылышып, анын кесепетинен тез жардам кызматынын унаасындагы 4 адам мерт кетти. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.
Буга чейинки алынган маалыматтарга ылайык, кырсык 2017-жылдын 1-октябры күнү болгон. Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа менен Чолпон-Ата шаардык 103 тез жардам кызматынын “УАЗ” үлгүсүндөгү унаасы кагылышкан. Жол кырсыктын кесепетинен тез жардам кызматынын унаасынын ичиндеги 4 адам (айдоочу, фельдшер, боюнда бар келин жана анын тууганы) дароо каза болгон, ал эми Мерседес-Бенц унаасынын айдоочусу кырсык болгон жерден качып кеткен. Куткаруучулар жерине барышып, каза болгон адамдардын денелерин автоунаадан алып чыгып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ