Menu

Бишкекке мобилдик кычкылтек концентраторлорунун үчүнчү партиясы жеткирилди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 10-июлда, Бишкек шаарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан сатылып алынган 300 даана мобилдик кычкылтек концентраторлорунун үчүнчү партиясы жана 2000 пульсоксиметр жеткирилди.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова белгилегендей, бүгүн өлкөгө 300 даана кычкылтек концентратору алынып келинди. Буга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 700 кычкылтек концентратору сатылып алынган.

«Мобилдик кычкылтек концентраторлору коронавирус инфекциясын жуктуруп, дарты күчөп кеткен бейтаптардын өмүрүн сактап калууга мүмкүндүк берет. Мекендештерибиздин өмүрүн сактап калуу үчүн ар тараптан бардык күч-аракеттер жумшалууда», – деп белгиледи Аида Исмаилова.

Кычкылтек концентраторлору республиканын медициналык мекемелерине бөлүштүрүлүп берилет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: