Menu

Бажадан башталган кадр саясаты сазга батты

Бөлүшүү:

Өткөн аптада Жогорку Кеңеш өкмөттөгү бош орундарга премьер-министр Абылгазиев сунуштаган талапкерлерди бир добуштан колдоп берип, алар кызмат орундарына келишти. Бирок бул жаңы министр, жаңы кадрларга нааразы тарап дагы арбын «Деги эле бүгүнкү жүргүзүлүп жаткан кадр саясатына кандай баа бересиз?» деген сурообузду саясат талдоочуларга узаттык.

Турат Акимов, саясат талдоочу:

– Бизде мамлекеттик даража төмөн түшүп кеткен. Баягы олуттуу, мамлекеттик сезим деле калбай калган. Милициялардыкы өзүнчө, УКМКныкы өзүнчө болуп, экономикалык булактар, бийлик бутактары баары мафия болуп, коррупцияланышып, чырмалышып калган. Бизде өкмөткө каршы пикирлер жаралып, өкмөт кризиске келди.

«Министрлер кабинети алмашсын» деп коюшат. Бирок, чынында эң башбаканы эле алмашып, калганы кала берет. Атамбаевдин убагында төрт ирет өкмөт кризиси болуп, өкмөт алмашты, бирок аппараты калып, башчылары эле алмашып жатты. Ошондуктан бизде эски система өзгөргөн эмес. Өзөгүн алмаштырбай, дарактын чокусун эле алмаштырып коюшат. Ошондуктан эч кандай жылыш болбойт. Азыр келгендер деле эптеп-септеп Кумтөрдүн эски маселесин, кытайлар менен чырмалышкан бизнес долбоорлорун өзгөртүп, олуттуу чараларга бара алышпайт. Жалаң эски карыз мүнөздөгү келишимдерди сакташ үчүн эле келген, баарына «мейли» деген балдарды жумушка ала беришет. Жарандык активисттердин арасынан ачык коомдук лидерлерден, билимдүү даражалуу Расул Умбеталиев, Максат Мамытканов сыяктуу кадрларды албайт. Анткени, алар системага туура келбеген адамдар. Бизде көптөн бери кичинекейинде чогуу футбол ойногон, чогуу намаз окуган, чогуу балык кармагандарды жумушка тартып калышты. Ошондон улам «бажарики», «кударики» кландык, региондук, өзүмчүлдүк түшүнүктөр пайда болгон. Мамлекеттик деңгээлде ойлонушпай эле өзүмчүлдүк менен өз бажаларын, жакындарын «жемдүү» жерлерге коё салышьш, кыска мөөнөттө чоң долбоорлорду өткөрүшүп, акчаны ары-бери айдап, анан долбоорду жаап койгонго көнүп алышкан. Кыргыз элитасынын аң-сезими төмөн болгондон кийин завод-фабрика куруп, иш жаратып, салыгын төлөп, жамаат кадрларды тарбиялап мамиле түзбөй, андан көрө Кытайдан бир нерсени тезирээк алып келе калып, сатып ийиш керек. Ошон үчүн жаңы мекемелер ачылбай, бир жарым миллион калк тентип мигрант болуп жүрөт.

Каныбек Осмоналиев, коомдук ишмер:

– Эч кандай кадр саясаты жок! Жогорку Кеңеш менен макулдашып алынган эле бир ууч адамдарды ары-бери калчап калышты. Бул толук кандуу, эффективдүү саясат жүргүзгөнгө тоскоолдук болууда. Мамлекет алтындай болгон убакытты бекер эле өткөрүп жиберди. Жаңы келген министрлер жөнүндө эч нерсе айта албайм! Анткени, алардын бири дагы мурда-кийин өздөрүн мамлекеттик масштабда жакшы жактан көрсөтө алышкан эмес. Элдин талабын угуп, ачык конкурс өткөрүп, ар бир тармак боюнча бүгүнкү күндөгү эң татыктуу инсандарды тандап алып иштетишсе, элдин купулуна толушуп, экономиканы оңдоого жана социалдык абалды жөнгө салууда жакшы жол ачылмак! Башка жол жок!

Эрлан Бекчоро уулу, журналист:

– Жакынкы күндөрү жаңы министрлер шайланды. Бирок, элдин талабы башка болгондугуна карабай, премьер-министр өз көмөчүнө күл тартып, жоопкерчилигин моюнга алып, араң жүргөн өкмөт мүчөлөрүн ого бетер жарга такап койду. Бул тууралуу- өкмөт өзү ойлонбосо дагы элдин шаабайы сууду. «Мамлекеттин акчасы жок, акча элдики» деп какшаганыбыз менен өкмөт каалаганын кылып, өзүм билемдикке салууда. Биз мамлекеттик кызматкерлерге элдин эсебинен айлык берип жаткандан кийин коомчулук кылса болмок. Бул өкмөттүн курамында өлкөнү алдыга сүйрөй турчу кадрлар жокко эсе. Биз дайыма өкмөткө нааразы болгонубуз менен анын баарын бекитип берген, өкмөттүк курамды колдоп берген Жогорку Кеңеш күнөөлүү. Алардын арасында чыныгы эл өкүлү катары премьер-министрдин отставкасын талап кылып, новатордук ой жүгүрткөн өкмөттүк курамды алып келе албаган ЖК күнөөлүү. Азыр коомдук пикир ачуу чындык аркылуу айтылып жатканы менен көңүл сыртына калтырышып, эл менен эсептешпей калышты. Премьер-министрдин бажасынын уулу мамлекеттик бюджетке көмүскө жердеги айлык маяна алып жатканы коомчулукка ачыкталганда жумуштан кетип, алган айлыгын кайра төлөп берип койсо, ага ыраазычылык айткан коомдун кээ бир катмарына да таң калбай койбойсуң.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 + = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: