Сапар Исаков 5-6-октябрда эки күндүк иш сапары менен Нарын облусунда болот. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.
Иш сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы бир катар билим берүү, социалдык жана айыл чарба объектилеринин курулуш иштеринин жүрүшү жана абалы менен таанышып, “Түндүк-Түштүк” альтернативдик автожолунун айрым тилкелеринин курулушун карап чыгат.
Сапар Исаков Жумгал районундагы Баш-Кууганды айлынын орто мектебинин абалы менен таанышып, “Түндүк-Түштүк” альтернативдик жолунун 254-чакырымындагы тилкенин курулушуна күбө болот.
Андан ары Премьер-министр Сапар Исаков Кочкор районунун аймактык ооруканасынын абалын, Кочкор айлындагы суу тосмонун жана Кара-Тоо айылынын орто мектебинин абалын көрүп, «Адал-Азык» мал союучу цехинин ишмердүүлүгү менен таанышат.
Мындан тышкары Өкмөт башчы Жумгал жана Кочкор райондорунун тургундары менен жолугушуп, социалдык жардамга муктаж үй-бүлөлөрдөн кабар алат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ