Сары-Өзөн-Чүйдөй кенендиги, ички дүйнөсүнүн тазалыгы, майда-барат сөздөргө маани бербегени, ошол эле кезде куйкум кептин чебери, тамашакөй Туйгун байкеге коңгуроо кактым. Адатынча суроолорума «жок» дебей, ачык маанайда баарлаштык.
-Туйгун байке, «Кыргызтудей» сайты жазыптыр го, сизди БАЭден Атамбаев менен жолугушканыңыз боюнча… Ошол чынбы?
– Жолугушканым чын. Бирок, ортодо сый-урмат менен сүйлөштүк. Мен эртеңки элибиздин тынчтыгы, туруктуулук үчүн баарлаштым. Байкеңди билесиң да, дайыма эл тараптын пикирин айтат…
– Сөзүңүзгө аралжы, чыр-чатактар болгон жокпу?
-Бегалы ошентип жазып, кылдан кыйкым издегендей интрига жасаптыр. Мен ал жигит боюнча ой-пикирим түз, бирок, адамды кемсинткендей, шакаба кылгандай «шилтей» берсе туура эмес. Мен сын-пикирди көтөрөм, анан чектен чыга берсе болбойт да. Эң башкысы, Атамбаев менен Жээнбековдун элдешүүсү элибиздин биримдигине жол ачат.
– Сиздин экс-президентке жолукканыңыз боюнча президентке жамандап барышып, упай топтогондор болушу мүмкүн…
– Мен ал жактан келгенден кийин Сооронбай Шариповичке жолугуп, ортодо болгон маселе боюнча талкуулаштык.
– Сиздин Атамбаев менен учурашканыңыз, кандай мааниде жолугушканыңыз коомчулукка кызык болууда?
– Эми Аслан, экөөбүз бул темада мурда эле сүйлөшүп жүргөнбүз. Мен самолетко түшүп, кокусунан бизнес класста Атамбаев менен чогуу отуруп калдым. Эски достор жакшы мааниде сүйлөшөт да…
Маектешкен: Асланбек Сартбаев
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ