Кечээ, 23-февралда Сокулук районундагы Новопавловка айылында 4 автоунаа сүзүштү.
Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдиргендей, жол кырсыгы болжол менен саат 22:30да болгон. 3 автоунаа жөө жүргүнчүнү өткөрүп жаткан маалда, “Tоyota Camry” үлгүсүндөгү автоунаа келип сүзгөн. Жабыркагандар болгон эмес. Бирок, төрт автоунаанын айдоочусу тең ооруканага кайрылышкан.
Төрт автоунаа тең айып короосуна токтотулуп, тергөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ