Бүгүн, 10-апрель күнү медициналык кызматкерлердин дагы 2 ыктыярдуу тобу Ош жана Нарын облустарына жардам көрсөтүү үчүн жөнөп кетишти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын арасында жугуштуу оорулар боюнча адистер, эпидемиологдор, педиатрлар жана үй-бүлөлүк дарыгерлер бар. Алар таажывирустун кырдаалы турукташмайынча Нарын жана Ош облустарында калып кызматтарын аткара беришет.
Белгилей кетсек, КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен Ош облусундагы медициналык кызматкерлердин тобу менен таажывирусту жуктуруп алуу учурун атайын комиссия текшерет.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев белгилегендей, эпидемиологдорго чоң жоопкерчилик жүктөлгөн.
“Сиздер тергөө ишинде да, кырдаалдын эпицентринде эмгектенген кесиптештерге моралдык жактан чоң жардам көрсөтүздөр деп үмүттөнөбүз. Эгерде сиздерде суроолор же кыйынчылыктар болсо, Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам штабына кайрылсаңыздар болот. Келгенден кийин сиздерден жакшы жаңылык күтөбүз. Жолуңар шыдыр болсун” – деп билдирди министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.
Ар бир медициналык кызматкер керектүү коргоо шаймандары менен камсыздалган. Ошондой эле алар коргоочу костюмдарды, бет каптарды, кол каптар жана башка медициналык буюмдарды чогуу ала кетишти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ