Menu

Бекболот Талгарбеков: “Бийлик Атамбаевге боор тартып жаткандай”

Бөлүшүү:

Атамбаев учурунда куугунтукка кабылып, абакка олтуруп чыккан экс-вице-премьер, “Элдик парламент” кыймылынын жетекчиси Б.Талгарбеков А.Атамбаевге карата саясый куугунтук болбогонун журналисттерге берген маегинде айтып чыкты.

“Эч кандай саясый куугунтук болгон жок. Тескерисинче, бүгүнкү бийлик Атамбаевге боор тартып жаткандай. Бул жакшы эмес саясат. Биринчиден, экс-президентти былтыр эле камаш керек болчу. Ал өзү Бишкек ЖЭБи жана башка долбоорлор боюнча чечимди өзү кабыл алганын айткан. Өзү күнөөсүн мойнуна алып жатса, укук коргоо органдары эмнеге чара көргөн эмес? Убагында чара көрүлгөндө, Кой-Таш окуясы болмок эмес. Экинчиден, Атамбаевге каршы ондогон кылмыш иштери козголуп, тергөө амалдары жүрүп келет. Бул толтура иштердин бир бөлүгү гана. Эң негизги айыптар коюла элек” – дейт Б.Талгарбеков.

Талгарбековдун пикиринде, Атамбаевдин эң башкы күнөөсү – бийликти узурпация кылганы.

“Ал президент болуп турганда көп саясатчылар эскертүү берген. Мисалы, Адахан Мадумаров, Өмүрбек Суваналиев, Бектур Асанов, Кубан Кадыров жана башкалар. Тилекке каршы, ал эч кимди укпай, бийликти узурпация кылып алган. Эмнеге бул боюнча кылмыш иши козголбойт? Дагы бир ири кылмышы – массалык маалыматтык террор”, – дейт Б.Талгарбеков.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: