Бүгүн, 8-сентябрда таңкы саат 08:10 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунунн 402-чакырымында оор жүк ташуучу “Хово” жана “Ман” үлгүсүндөгү унаалар кагылышып, негизги трассага мазут төгүлгөн. Жол кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочулары 2 адам жабыркаган.
Кырсыктын кесепетинен жол каттамы жабылып, учурда жол тейлөө ишканасынан жана КР ӨКМнин 2-издөө куткаруу отрядынын куткаруучулары тартылып жол каттамын жөнгө салуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул маалымат тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ