Айрым учурда аткаминерлердин тагдыры акыйкатсыз чечилип калат. Так ошол акыйкатсыз чечимдин артында кайсы бир кутум таалайын күтүп олтурган болот. Бүгүн да бул маселе козголуп туру. Эсеби маселен, «Көчмөндөр оюнунда» конокко келген Түркиянын биринчи айымы унаа тыгынында калып калды деген сөз желдей тараган. Атүгүл бул боюнча териштирүү жүруп жатканынан кабарыбыз бар эле. Ооба, биринчи айымдын ыңгайсыз абалда калуусуна тиешелүү органдар жооп бериши керек. Анткени, ыңгайсыздыктар мамлекеттин беделине доо кетирет. Эми болсо ушул шылтоо менен биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновду кызматтан четтетүүгө кызыкдар күчтөр чыгууда. Кызыгы бул жерде Бороновдун кандай тиешеси бар? Жол тыгынды көзөмөлдөй турган, тескей турган тиешелүү тармактар бар. Ошондой эле мамлекетке келген маанилүү коноктун коопсуздугуна жооп бере турган УКМКнын тиешелүүжетекчилери шалаакылыкка жол бербеш керек эле. Албетте, муну баары билет. Бирок, өз ишин мыкты билген, Бороновду торой чалууга ким кызыкдар? Иттин өлүгү ушул жерде жатат.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ