Ооганстандагы Забуль провинциясынын башчысы Бисмилло Афгонмал аймакта согушуп жаткан террордук топтордун арасында тажик жана өзбек жарандары бар экенин билдирди.
Анын айтымында, куралдуу жоочулар Забуль провинциясындагы айрым райондорду башкарууда. Чиновник аймакта “Ислам мамлекети” террордук тобуна тиешеси бар согушкерлер байкалганын кабарлады. Алардын туруктуу токтогон жери жок.
Бисмилло Афгонмал жоочулардын арасында Тажикстан жана Өзбекстандын жарандары да бар экенин маалымдады. Бирок ага Забулдагы чет элдик согушкерлерди так саны белгилүү эмес. Порвинциянын коопсуздук күчтөрүнүн командири Гулом Гелони Фарои айрым эсептер боюнча Забулда чет өлкөлүк жоочулардын 300дөй үй-бүлөсү жашай турганын жарыялаган.
Буга чейин НАТОнун Ооганстандагы “Чечкиндүү колдоо” миссиясынын башчысы Жон Николсон дүйнөдөгү 97 террордук уюмдун 20сы Ооганстан менен Пакистанга топтолгонун билдирген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ