Menu

ACT Airlines: кыйраган учак “Манаска” жүк түшүрмөк

Бөлүшүү:

16-январда Бишкектин сыртында кыйраган АСТ авиакомпаниясынын учагы “Манас” аэропортуна жүк түшүрүү үчүн конмок. Бул тууралуу Стамбулдагы авиакомпаниянын өкүлү Айше Кынран билдирди.

«​Учакта жетиштүү күйүүчү май бар эле. Кандайдыр бир маселе жок болчу. Учагыбыз ансыз деле Бишкекке сапар алган. Бара турган маршрут Бишкек болчу. Ал жакка барды. Ооба, жүк түшүрүү үчүн барган. Жүктүн ичинде эч кандай коркунучтуу нерсе жок болчу», – деди Кынран.

АСТ авиакомпаниясынын кат жүзүндөгү бүгүнкү билдирүүсүндө айтылгандай, компания Кыргызстанда кыйраган Боинг 747-400 сыяктуу учактары менен Бишкектин башкы аба майданына буга чейин 52 ирет каттаган. Компания ошондой эле өз билдирүүсүндө учак конууга бир нече ирет аракет жасаган деген маалыматты четке какты.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов учак Бишкекке күйүүчү май куюу үчүн келатканы айтылганын, жүк түшүрөт деген маалыматты биринчи жолу укканын “Азаттыкка” айтты. Эки версияны тең расмий түрдө тастыктай албастыгын кошумчалады.

«Тигинисин да, мунусун да тастыктай албайм. Расмий түрдө менде андай маалымат жок. Мен билгенден бир эле нерсе – учак аэропортко келип конуу үчүн келатканын мен тастыктайм. Эмне үчүн келип конуп жатканы тууралуу менде маалымат жок. Күйүүчү май куюуга деп айтылган», — деди Боронов.

Гонконгдон учуп чыккан Боинг-747-400 жүк учагы Бишкектин “Манас” аэропортуна жакын Дача – СУ конушуна 16-январда таңга жуук кулаган. Бул окуяда каза тапкандардын саны бүгүнкү күнгө карата 38 киши экени аныкталды. Алардын төртөө экипаж мүчөлөрү, калгандары айыл тургундары. Көз жумгандар арасында жаш балдар да бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − 73 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: