АКШнын президенти Барак Обама Ак үйдө ифтар өткөрдү. Ага жакын санаалаштары менен коомчулук өкүлдөрү катышып, Обама үй-бүлөсү менен келген конокторго өз колдору менен тамак салып берип турушту. Дүйнөдөгү эң чоң державаны башкарган адамдын мындай жөнөкөйлүгүнөн биздин чиновниктер дагы сабак алса жарашчудай.
Эске салсак, жакында биздин президентибиз Алмазбек Атамбаев дагы ооз ачырды. Бирок, ал өзүнүн атынан облустарга чабармандарын жөнөтүп, ошолор аркылуу ифтар өткөрдү. Албетте аны да түшүнсө болот, анткени бирөөнүн чынысына тамак салып берүү биздин башчыларыбыз үчүн өтө уят сезилиши мүмкүн. Ал эми чыныгы демократиялуу өлкөлөрдө эл жарды-кедей, жетекчи-кызматкер, чоң-кичине болуп бөлүнбөй, баары бирдей укукта жашайт эмеспи.
https://youtu.be/qpqQMAP7ynw
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ