Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
«Кыргыз-орус мамилелери эзелтен келе жаткан достук салттарына жана өз ара сыйдын негизинде динамикалуу өнүгүүдө. Өлкөлөр ортосундагы мазмундуу саясий диалог, эң негизги түрдүү тармактардагы натыйжалуу кызматташтык жана ошондой эле евразиялык интерграциялык процесстердин алкагындагы өз ара өнөктөштүк бардык деңгээлде жөнгө салынган. Мындан ары стратегиялык өнөктөштүктү жана Кыргызстан менен Россия ортосундагы союздаштыкты бекемдөө биздин боордош элдердин кызыкчылыктарына толук кандуу жооп берет, аймактык коопсуздук жана туруктуулукту камсыз кылуу багыттары жүргүзүлүүдө», — деп белгиленген Россия Президентинин телеграммасында.
Владимир Путин Сооронбай Жээнбековго бекем ден соолук, ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын бардык жарандарына тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ