Menu

Өкмөт Билим берүү министрлигине бир катар тапшырмаларды берди

Бөлүшүү:

2019-2020-окуу жылына карата жалпы билим берүүчү уюмдардын даярдыгынын жүрүшү талкууланган Өкмөттүн жыйынынын жыйынтыгы боюнча Билим берүү жана илим министрлигине:

— Мектепке чейинки билим берүү уюмдарын да окуу материалдарынын жаңы мазмунун жана окутуунун усулдарын мезгил-мезгили менен киргизүүнү камсыздоо;

— Балдарды ар тараптан өнүктүрүү жана ийгиликтүү социалдаштырууну камсыздаган жатак тибиндеги балдар мекемелеринде мектепке чейинки жана мектепте билим берүүнүн окуу стандарттарын иштеп чыгуу жана киргизүү;

— Мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө мамлекеттик социалдык буйрутма программасы менен балдарды камтуу боюнча чаралар көрүү жана аны айматарда жайылтуу боюнча иштерди баштоо;

— Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен биргеликте 2020-жылдан тартып “Китепканалардын базасында баланы өнүктүрүү борбору” моделиндеги аймактык китепканаларды кеңейтүү;

— Китеп чыгаруу чөйрөсүндө реформаларды жүргүзүү жана окуу-усулдук комплекстердин сапаттуу иштелмесин, басып чыгаруусун камсыздоо;

— Кыргыз билим берүү академиясын реформалоо боюнча ушул жылдын 1-декабрына чейин сунуш киргизүү;

— Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Фонд менен биргеликте максаты менен эмес пайдаланылып жаткан мурдагы 62 мектепке чейинки билим берүү уюмдарына талдоо жүргүзүү жана мүмкүн болгон объектидердин саны боюнча сунуштарды киргизүү;

—Жыл сайын дүлөй жана угуусу начар балдардын мектептери үчүн окуу куралдарын жана азиз, көзү начар көргөн балдардын мектептери үчүн, ошондой эле жалпы республика боюнча башка атайын мектептер үчүн, Брайл шрифти жана чоңойтулган шрифт менен терилген китептерди чыгарууга финансылык каражаттарды кароо;

— Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте ысык тамак берүү үчүн шарты жок мектептерди тамакты уюштуруунун ар түрдүү формалары (көчмө тейлөө, буфеттик продукция ж.б.) менен камсыздоо тапшырылды.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 + = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: