Menu

Түлеев туурадан качырам деп тумшугу менен урулду

Бөлүшүү:

Нариман Түлеев радио аркылуу коомчулукка өзүнүн ак жеринен камалганын айтып, Атамбаевдин бийлиги андан өч алууну гана көздөгөнүн шардана кылган. Аныгында, Атамбаевдик бийлик Түлеевди өч алууну гана көздөп, коюлган күнөөсүн далилдей албаса да соттогон. Өч алуунун эки версиясы да айтылып жүрөт. Биринчиси, Атамбаев кызматтан кетип, жумушу жок калганда, Германияда дарыланып жүргөн президент Курманбек Бакиевге барып, Бишкек мэрлигин сураган. Бакиев мэрликти ага ыраа көрбөй Түлеевге берип койгондуктан, Алмаздын Нариманга болгон ич күптүсү калган делет. Экинчиси, 2011-жылы болгон президенттик шайлоодо Атамбаев Түлеевден акча сурап, Түлеев сураган акчасын берип, “Атамбаев менден карыз” деп айтып жүргөнү Атамбаевге жетип, алган акчасын оң колу И.Илмияновдон берип жиберип, сүйлөшчү сөз башка нукта жүрөт деген саламын айттырган делет. Бул версияларды Түлеев чын же калп экенин тастыктайт болсо керек. Азыр Түлеевдин “Атамбаев кол сунуп жатат” деп айтканына КСДП Түлеевдин Атамбаевден кечирим сурап жазган катын жооп кылып чыгарды. Нариман мырза андай кат жазбаганын айтып, керек болсо экспертизадан өткөрө турганын билдирди. КСДП да андай экспертизага макул экендигин ачыктады. Айрым булактар Нариман Атамбаевге бир эмес, үч жолу кат жазган деп айтып жатышат. Эгер ал каттар да жарыяланып кетсе, Нариман нокаут кетери анык. Андан дагы аксакалдар Түлеевдин иши боюнча Чыныбай Турсунбековго киргенде, Турсунбеков Атамбаевге жети жолу кирип чыкканы айтылган. Чыке жети жолу эмес, бир эле жолу киргени ачыкталып жатат. Ал киргенде эле Атамбаев “Жегенин төлөп койсун” деп айтканы убагында дагы айтылган. Түлеев Атамбаевди качырам деп, соккуга өзү түшүп бере турган абалга туш келди. Компроматтар тиреши эми кызыйт.

Булак: Жаны Ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: