Menu

Астанага кыргыз-казак чек арасындагы фитосанитардык көзөмөлдү алуу сунушталды

Бөлүшүү:

Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясы кыргыз-казак чек арасы аркылуу товарлардын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздоого багытталган чечим кабыл алды. Бул тууралуу Казакстан премьер-министринин басма сөз кызматы билдирди.

Комиссиянын маалыматы боюнча Кыргызстан чек арадагы карантиндик-фитосанитардык көзөмөлдү бир тараптуу алганына карабастан, Казакстан көзөмөлдү улантууда.

Маалымдалгандай, көзөмөлдүн аталган түрү Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин чечими менен 2015-жылдын майында жоюлган. Фитосанитардык текшерүү алынбагандыктан, карантиндеги товарлар чек араларда кыйла кармалып калууда.

Басма сөз кызматтын билдирүүсүнө ылайык, комиссия Казакстан өкмөтү чечим күчүнө киргенден кийинки 10 иш күнүнүн ичинде ЕАЭБ тууралуу келишимдердин жоболорунун аткарылышы боюнча чараларды көргөндүгү тууралуу маалымат бериши керек.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: