Ысык-Көл облусу: Жыргалаң дарыясынын коркунучтуу деңгээли 49,8 м3/с, азыркы учурда 11,6 м3/с (+2) суу агууда. Талас облусу: Үрмарал дарыясынын коркунучтуу деңгээли 57,4 м3/с, азыркы учурда 36,3 м3/с (-1) суу агууда, – деп КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.
Жалал-Абад облусу: Майлуу-Суу дарыясынын коркунучтуу деңгээли 100 м3/с, азыркы учурда 9,65 м3/с (+1) суу агууда. Баткен облусу: Шаймерден дарыясынын коркунучтуу деңгээли 41,0 м3/с, азыркы учурда 24,8 м3/с суу агууда. Ошондой эле республиканын калган аймактарындагы дарыялардын сууларынын деңгээлдери нормада.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ