Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 5-6-сентябрда Кыргызстанга иш сапары менен келип, эки мамлекеттин ортосундагы маанилүү документтерге кол койду. Өзбекстандын жетекчисинин бул сапары канча жылдан бери тоңуп турган музду эриткен тарыхый бурулуш катары сыпатталууда. Шавкат Мирзиёев сапар алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы менен жолугушуп, фракция лидерлери менен таанышты. Чыныбай Турсунбеков Мирзиёевден сүрдөдүбү же жүүнү боштук кылып жүдөдүбү, айтор фракция лидерлерин тыңгылыктуу тааныштыра албай тердеп-кургады. Маселен, Бакыт Төрөбаевди Бабанов дегени аз келгенсип, президент фракция «Өнүгүү» деп тантыды. Жөнөкөй эле тааныштыруу жөрөлгөсүндө ушунчалык жүдөп-какаганы бул жактан көргөн адамга өтө эле өөн учурады…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ