Menu

Тажикстанда тыштан “адал” эмес эт азыктарын алып кирүүгө тыюу салынды

Бөлүшүү:

Тажикстанда Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл кызматы өлкөгө адал эмес эт продукцияларын алып кирүүгө тыюу салды.

Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл кызматынын башчысынын орун басары Тожибек Норов билдиргендей, мындан ары чет өлкөлүк эт ташуучулар Тажикстанга аккредитациянын негизинде гана продукцияларын алып кире алышат.

«Аккредитация алуу үчүн биздин адистер чет өлкөлүк ишканалардагы өндүрүш процессин өз көздөрү менен көрүшү керек. Мындан тышкары продукцияга “Адал” белгиси басылышы зарыл. Ушул шарттар аткарылганда гана Тажикстанга эт азыктарын ташууга уруксат алышат», – деди Норов.

Тажик бийлиги эт азыктарын ташуу талаптары катаалдаштырылганы тууралуу чет өлкөлүк ишкерлерге эскертти. Тажикстандын тишелүү органдарынын сапат жана коопсуздук инспекциясынан өткөн компанияларга беш жылга аккредитация берилет.

Тажик базарына эт азыктары негизинен Индия жана Орусиядан, азыраак бөлүгү Түркия менен Казакстандан келет.

Тажикстан “адал” стандартын 2013-жылы киргизген.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − 86 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: