Menu

Фото – Чаткал районунда өткөн элдик жыйында кен иштетүүдөгү экология маселеси катуу коюлду

Бөлүшүү:

Чаткал районунун борбору болгон Каныш-Кыя айылында өткөн элдик жыйында райондун аймагында иш жүргүзүп жатышкан тоо кен байлыктарын казып иштетип жатышкан компаниялардын дарегине катуу сындар жана дооматтар айтылды. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады. Чаткал районундагы Чыңгыз Айтматов атындагы маданият үйүндө өткөн элдик жыйынга ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков, республикалык социалдык фонддун төрагасынын биринчи орун басары Медер Ирисалиев, Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору, Саламаттыкты сактоо министрлигинин облустагы координатору Маматжан Миянов, КРнын ӨКМнин облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары, капитан Замир Дүйшөбаев, “Жалал-Абадэлектро” ААКсынын генералдык директору Кеңешбек Маматканов, республикалык геология башкармалыгынын башкы адиси Чыңгыз Мамбетов, “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААКсынын облустагы өкүлү Закиржан Анарбаев, Чаткал районунун айыл аймактарынын башчылары, жергиликтүү айылдык кеңештердин депутатары, мекеме-ишканаларынын жетекчилери жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Элдик жыйындын катышуучуларына өткөн жылда жаратылган ийгиликтерди чагылдырган чакан видео тасма тартууланды. Жыйындын ишин Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Канжарбек Эшалиев алып барды.

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин депутаты Ракыя Өнөрбаева Чаткал районунда акушер-гинекологдор менен педиатрлар дарыгерлердин жетишпей жаткандыгын тынсыздануу менен белгилесе, Чаткал айыл аймагынын башчысы Бакытбек Исабеков жаңы конуштарга өз күчтөрү менен 4,5 км. электр линияларын тартышкандыгын жана Жаңы-Базар айылындагы подстанциянын жерине РЭС тарабынан жер салыгы төлөнбөй келе жаткандыгын айтты. Жергиликтүү тургундар Чаткал району боюнча тоо кен байлыктарын иштетүүгө 157 фирма лицензия алган болсо, анын ичинен 104 фирма гана салыктарын төлөп, 20дай фирма гана иштеп жаткандыгын белгилешти. Тоо кен байлыктарын иштетип жатышкан фирмалар экология маселесине олуттуу зыяндарды келтиришүүдө. Каныш-Кыя айылдык кеңешинин депутаты Медер Козубаев, акимдин биринчи орун басары Жуманалы Накетаев “Кичи Чаарат” компаниясы “Башкы-Теректин” суусун аябай булгап жаткандыгын, иштетилген зыяндуу химиялык заттар сакталуучу хвостохранилищалар талапка ылайык курулбай жаткандыгын тынчсыздануу менен белгилешти. “Аркар-Лачын” фирмасы көк китебин албай жатып, алтын казуу иштерин жүргүзүп жатат. Кен байлыктарды казып алууда штетилген жерлерди рекультивациялоо иштерин талаптагыдай жүргүзүлбөй жаткандыгын жергиликтүү тургандар жыйынга келишкен жетекчилерге катуу айтышып, бул маселени Кыргыз Республикасынын Өкмөтүно жеткирүү өтүнүчтөрүн билдиришти. Ал эми Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондору боюнча мамлекеттик экотехинспекция башкармалыгынын башчысы Аваз Мыйзамбековду Чаткал районунун элине келип, аткарылган иштер боюнча эл алдында  отчет берүүсүн талап кылышты.

– Чаткал районуна заманбап жаңы рентген апараты сатылып алынды жана жакында Жаңы-Базар айылындагы ооруканага коюлат. Чаткал районуна буга чейин 2 “Тез жардам” машинасы берилген. Акушер-гинеклогдор менен педиатр дарыгерлер мындан ары Чаткал районунда көйгөй жаратпайт, мен муну Силерге убада кыламын,- деди облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Маматжан Миянов.

Райондун акими Канжарбек Эшалиев 2018-жылы райондук оорукананын терапия бөлүмү сапаттуу капиталдык ремонттон чыгарылаарын жана 4 дарыгерге заманбап кызматтык турак-жай курулаарын жыйындын катышуучуларына билдирди. Өз дарегине айтылган суроолор жана даттануулар боюнча “Жалалабатэлектро” ААКсынын директору Кеңешбек Маматканов райондук РЭС менен биргеликте тиешелүү чечим кабыл алаарын ортого салды.

– Элдик жыйында айтылган суроолор менен талаптар толугу менен протоколго түшүрүлдү. Тоо кен байлыктарын иштетип жатышкан фирмаларга эл тарабынан туура талаптар жана дооматтар коюлуп жатат. Жергиликтүү бийлик рекультивациялоо иштерин катуу көзөмөлгө алуусу шарт,- деди ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков.

Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: