Menu

Талант Мамытов, Жогорку Кеңештин депутаты: «Камчыбек Ташиев менен түбөлүк ага-ини катары калабыз»

Бөлүшүү:

-Талант мырза, лидериңиз Өмүрбек Бабанов саясаттан биротоло кеткенин, партиянын ишмердүүлүгүн токтотконун жарыя кылганы сиз үчүн да күтүүсүз болдубу же бул алдын ала сүйлөшүлгөн болчубу?

— Мындай болорун алдын ала эч ким билген эмес. Өмүрбек Токтогулович деле саясатчы катары өзүнүн тандоосун жасап, президенттикке аттанган. Президенттикке аттанган киши бардык нерсеге даяр болуусу керек. Анткени бул чоң саясат. Саясатта бардыгы жакшы болот же тескерисинче кетип утулуш болот. Саясаттан четтесең деле жашоо улана берет, аны да чыдай көтөрө билиш керек. Өмүрбек Токтогуловичтин бул чечимди кабыл алуусуна эмне түрткү болгону мен үчүн деле белгисиз. Мындай чечимди ал киши кандай абалда кабыл алды, өзү гана билет демекчимин.

— Сиз “Ата Журт” партиясынын атынан депутаттык мандат алгансыз. Эми партия өз алдынча кетмей болду. Сиз “Республиканын” катарында каласызбы же “Ата Журт” менен кетесизби?

— Аны убакыт көрсөтөт. Биз 2010-жылы “Ата-Журт” партиясына келгенден бери эле партия үчүн түзүк эле эмгек кылдык десем болот. Мыйзам боюнча шайлоого бир партия менен барасың, ал партиянын программасы, максаты болот дегендей. “Ата Журт” партиясында ачыгын айтканда мурунку кездеги командадагы кишилер башка болгон. Азыр алтынчы чакырылышта “Республика” партиясы менен биргеликте Жогорку Кеңешке аттандык. Учурда “Ата Журт” партиясынын мурунку курамы сексен пайызга алмашкан деп айтсам болот. Кийинки саясий өнөктүктө партиянын курамы кандай болуп өзгөрөт, аны убакыт көрсөтөт. Азырынча бир нерсе деш эрте.

— “Республика” партиясы лидери жок калды. Партиянын лидерин кайра шайлоо каралып жатабы же партия ишмердүүлүгүн ушуну менен токтотобу?

— Азырынча бир нерсе деш кыйын болуп турат. Биз азырынча партиянын курамында иш алып барып жатабыз. Партиянын тең төрагалары Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиев болгон. Бул маселе дагы сүйлөшүү жолдору менен чечилет.

— Сиздер парламентте оппозиция катары саналасыздар, лидериңер өз кызыкчылыгын ойлоп кеткенден кийин мурункудай дем менен иш алып барганга дух барбы же бийликтин айтканына хоп деп олтура бересиздерби?

— Биз Конституциянын талаптарына ылайык көпчүлүктүн курамына кирбейбиз. Демек, биз оппозициялык фракциябыз. Мыйзам чегинде биз өз ишибизди алып барабыз.

— Сизди “Ата Журттун” лидери Камчыбек Ташиев менен болгон мамилени үзгөн деп айтышат. Ал киши менен чын эле саясий көз карашты өзгөрткөнсүзбү?

— Саясатта мамиле деген сөздүн өзү түшүнүксүз да. Мен ага-инилик мамиле десе аны түшүнмөкмүн. Ал эми саясатта учур, жекече тагдыр, саясий багытта болгон өзүңдүн жеке тандооң, жоопкерчилигиң болот. Ал эми мамиле саясатта өтө кыска. Убактылуу же болбосо бир максатты көздөгөн мамилелер болот. Камчыбек Ташиев менен менин ортобузда саясий мамиле эч качан болбошу керек. Болбойт дагы деп айтам. Бизде ага-инилик гана мамиле бар. Ага-ини катары айта турган болсом, биз көп кыйынчылыктарды бирге башыбыздан өткөргөнбүз. Камчыбек Ташиев менен түбөлүк ага-ини катары калабыз.

— Саясатта достук бар экенине ишенесизби?

— Мен саясатта эки чакырылыштан бери депутат болуп олтурам. Саясатта достук болбойт. Саясий мамилелер же болбосо кызыкчылыктар бар деп айтсам туура болот.

— Сизде Ташиев менен чогуу жүргөндөгүдөй азыр да элдин кызыкчылыгы коюлуп жаткан кезде, тикеңизден тик туруп берүүгө эрк барбы? Камалып чыккандан кийин сынып калган жоксузбу?

— Эми ал жагдайга карата болот да. Эл, мамлекет үчүн болуп жаткан чоң маселелерде менин жигиттик эрким, духум да тик туруп бергенге жетет. Мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын коргоп берүү үчүн эч качан сынып калбайм.

Суроо салган Айзат Шакирова

Булак: Жаңы Ордо

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 23 = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: