Бир кездери жаратмандыктын жогорку үлгүсүн көрсөткөн «Замандаш» партиясынын ички абалы тынчыбай, кырдаал чыңалган чекке жеткени каңкууланууда. Жеңиш Молдокматов партлидерликтен тышкары «Замандаш» ассоциациясы менен чет жердеги мигранттардын башын бириктирген бирикмелерге да кожоюндук кылууну самаганбы, баарынын башына турууну каалаган экен, а береги бирикме астындагылар Молдокматовдун бийлик жүргүзүүсүнө чыдабай, «тарс» жарыла беришкени бизге чейин угулду. Кырдаалды тынчытыш үчүн Чынара Шейшекеева, Эмил Өмүракунов сыяктуу көмүскөдөгү кожоюндар болгон аракеттерин кылууга өтүшкөнүнө карабай, ассоциация өкүлдөрү келечектеги саясый жарыштарда баштагы эмгеги өткөн партия менен эмес, Ахматбек Келдибеков башында турган саясый топко кошулуп, жеңишти бирге камсыз кылууга киришкени маалым болду. «Замандашчылар» эмитен ичинен «ириңдеп» жатышса, анан кантип буларга ишеним болот?
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ