Menu

Анжиян тургуну 10 жаштагы кызын зордуктоого айыпталууда

Бөлүшүү:

Анжиян облусунун Избаскан районунун тургуну 10 жаштагы кызына сексуалдык зордук-зомбулук көрсөтүүгө айыпталууда. Бул маалыматты укук коргоо органдарындагы булактар тастыкташты.

Маалыматтарга караганда, 35 жаштагы жаран 10 жаштагы кызын зордуктап жүргөнүн кыздын таежеси көрүп калып, эжесине билдирген.

– Апасы алты ай бою күйөөсү кызына карата сексуалдык мүнөздөгү шектүү иш жасап жүргөнүн байкаган. Ал жолдошунун күнөөлүү экенине көзү толук жеткенден кийин милицияга кайрылган, – деди өз булак.

Избаскан райондук прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Шектүүнүн күнөөсү аныкталса, 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

“Ал кызын 2016-жылдын декабрь айынан бери зордуктап келген. Акыркы жолу мындай учур 2017-жылы июлда көгүчкөн багуу жайында болгон. Сексуалдык зомбулук актысын кыздын таежеси көрүп, эжесине билдирген. Апасы башында сиңдисине ишенген эмес, бирок кийин милицияга кайрылган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат”, – деди Анжиян укук коргоо органдарындагы өз булак.

Өз атасы тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылган кыздын абалы белгисиз. Анын үй-бүлөсү журналисттер менен байланышуудан баш тартты.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: