Иерусалимдин Храм тоосундагы жаңы кагылышуулардан 113 киши жаракат алды. Полиция кулак тундуруучу гранаталарды колдонду. Израиль бийлиги тосмолорду, темир буюмдарды аныктоочу детекторлорду, камераларды алгандан кийин миңдеген кишилер Храм тоосуна бет алган.
Бир нече киши Аль-Аска мечитинин чатырына чыгып, палестин желегин орнотууга үлгүрүшкөн, полиция кийин аны алып кетти.
16-июлдан тарта мусулмандар израиль бийлиги тарабынан Храм тоосунун кире беришине киргизилген чектөөлөргө каршы чыгып акцияларды өткөрүшүүдө. Коопсуздук чаралары 14-июлда эки израилдик полициячы өлтүрүлгөндөн кийин кабыл алынган.
21-июлда Чыгыш Иерусалимдеги кагылышуулардан үч полестиналык өлүп, ондогон киши жаракат алган. Ошол эле күнү Иордандын Батыш жээгинде үч тургун мерт болгон.
Эл аралык коомчулуктун кысымына кабылгандан кийин Израиль Храм тоосундагы коопсуздук чараларын жокко чыгарды.
Иерусалимдеги Храм тоосу мусулмандар үчүн да, иудейлер үчүн да ыйык жер болуп саналат.
Источник: «Служба новостей Центральной Азии»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ