Абылгазиев премьер-министр кезинде мамлекеттин жана республиканын жарандарынын кызыкчылыгына каршы өкмөттүн токтомуна кол койгону аныкталды, ага ылайык, “Кумтөр Голд Компани” ЖАКка геологиялык чалгындоо жана алтын казуу үчүн кошумча аймактар берилген. Натыйжада, кендин жалпы аянты эки эседен ашык көбөйүп, 26,3 миң гектарды түзгөн.
Белгиленгендей, буга чейин Кызыл китепке кирген уникалдуу жаратылыш комплекстерин, биологиялык жана ландшафттык ар түрдүүлүгүн, флора менен фаунанын түрлөрүн сактоо максатында аталган кендин аянтын кеңейтүүгө тыюу салган өкмөттүн токтому болгон.
“Бул аймактарды иштетүү Ысык-Көлдүн биосфералык аймагынын фаунасы жана флорасы үчүн экологиялык оор кесепеттерге алып келет, ошондой эле өлкөнүн гидроэнергетикалык тутумун бузушу мүмкүн”, – деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, Абылгазиев мамлекеттик кызматта иштеп жүргөндө, өзүнүн мүлкүн мыйзамсыз көбөйтүп, расмий түрдө тапкан кирешесинен бир нече эсе ашып түшкөн.
“Аларды легалдаштыруу максатында Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын аймагынан кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объектилерин сатып алган, ошондой эле көп батирлүү элиталык үйлөрдүн курулушуна каржылык инвестицияларды жасаган. Кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу үчүн, булар активдери ортомчу адамдардын атына катталган”, – деп айтылат билдирүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ