Бишкектин Октябрь райондук сотунун 2008-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районуна караган жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо боюнча козголгон кылмыш ишти караган судьясы алмашты. Бул иш боюнча парламенттин экс-депутаты Карганбек Самаков менен кошо “Бир Бол” фракциясынан депутат, экс-премьер-министр Игорь Чудинов, мурдагы вице-премьер Искендер Айдаралиев айыпталууда. Самаковдун жакындары “Азаттык” радиосуна билдиришкендей, бүгүн сот өкүмү жарыяланышы күтүлүп жаткан. Бирок ишти карап жаткан судья Чыңгыз Адамкуловдун саламаттыгына байланыштуу материалдар судья Дамирбек Назаровго өткөрүлүп берилди. Эми ишти Назаров териштире турган болду. Кийинки жараян 4-августка белгиленди. Буга чейин сот отуруму судьянын ооруп калганынан улам артка жылып келген.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ