Menu

Сокулук районунда алты жаштагы баланын сабалышы боюнча иш сотко жөнөтүлөт

Бөлүшүү:

Сокулук районунда алты жаштагы баланын сабалышы боюнча иш сотко жөнөтүлөт. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы журналисттерге билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери тарабынан Кылмыш кодексинин “Үй-бүлөлүк зомбулук” беренеси боюнча сотко чейинки иш козголгону такталды.

Белгилей кетсек, буга чейин Чүй облусунун Сокулук районунун 25 жаштагы тургуну Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө 33 жаштагы жолдошуна чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Аялдын айтымында, анын күйөөсү 17-ноябрдан 18-ноябрга караган түнү болжол менен түнкү саат 00:00 чамасында, үйүндө болуп, 2014-жылы туулган жашы жете элек уулуна себепсиз денесине залал келтирген. Бул факт Октябрь райондук ички иштер бөлүмүндө 75-берене боюнча катталган. Андан ары, иштин материалдары аймактык жактан Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Сотко чейинки өндүрүш башталган.

Бул окуя коомчулукта кызуу талкууну жаратты. Кийин баланын энеси күйөөсүн кечиргендигин жана арызды кайтарып алып, доолордон баш тартууну каалагандыгын билдирген. Милиция шектүүнү кармады, бирок сот аны үй камагына чыгарды. Башкы прокуратура ишти көзөмөлгө алган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 13 = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: