Menu

Ирактагы согуш жүрүп жаткан аймактагы кыргызстандык 78 бала Кыргызстанга алып келинет

Бөлүшүү:

Иракта согуш жүрүп жаткан аймактардагы лагерлерде кыргызстандык 78 бала бар экени такталды.

Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди.

“Ар бир баланын тууганы табылды, “аларды кабыл алабыз деген макулдугу” алынды. Экинчи маселе – ар бир балага Ирак мамлекетине 400 АКШ долларынын тегерегинде айыппул төлөш керек экен. Бул акчаны премьер-министр жеке резервинен бөлүп берди”.

Кыргыз өкмөтү балдарды мекенине кайра алып келип, медициналык-психологиялык реаблитациядан өткөрүүгө камынып жатат. Алардын апалары түрмөдө отурат, ал эми аталары жөнүндө маалымат айтылган жок.

Разаков Иракка 17 кишиден турган органдардын кызматкерлери бараарын айтты. Ал жактан балдарды алып келүүгө кеткен  учактын чыгымын эл аралык уюмдар көтөрүүдө. Бишкек уюштуруу иштерин бүтүрдү, балдарды мекенге кайтарууну Ирак октябрда баштоону сунуш кылган.

Ал эми Сириядагы  аялдарды, балдарды алып келүү иши уюштурулуп  жатат. Бирок  маселе Иракка караганда оор экенин айтып, Сириянын расмий өкүлдөрү согуш жүрүп жаткан жерге бара албай жатканы менен түшүндүрдү.

2013-2014-жылдан бери Сирия менен Ирактагы согушка  800дөй кыргызстандык барып кошулганы, 200гө чамалуусу каза болгону расмий кабарланган. Кеткендердин 150гө жакыны аялдар болгон.

Булак:KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 10 + = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: