Menu

Министр жаңы болду, ката жазуу эми токтойбу?

Бөлүшүү:

Билим берүү жана илим министрлигине ОшМУнун ректору дайындалды. Аны айга-күнгө теңеп мактагандар азыртадан эле чыга баштады. Биз билгенден Каныбек Исаков КСДП партиясынын мүчөсү, Ош шаардык кеңешинде депутат болуп келген, Ош шаарындагы таасирдүү чиновник катары таанымал.

Ош шаарындагы шайлоолор негизинен ОшМУнун базасында өтүп, шаардык шайлоонун жыйынтыктары дал ушул университеттин аба ырайына жараша өзгөрүп турат. Билими филолог болгону менен ар баскычтуу шайлоолорду активдүү уюштуруп жүргөн Каныбек Исаков дал ушул фактор аркылуу таасирин арттырып, кайсы бийлик болбосун ыңгайлуу фигурага айлана алды.

2020-жылдагы парламенттик шайлоо босогодо тургандыктан, шайлоону өткөрүүдө мугалимдерди мобилизациялоодо тажрыйбасы бар жетекчинин министрликке келиши мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бул алкактан алып караганда бийликке реформа жасоочу эмес, шайлоодо ишеничтүү иштеп бере турган кадр керек болчу. Албетте, реформага муктаж, абалы оор Билим берүү министрлигине келчү кадрдын басып өткөн жолу да коомчулуктун купулуна толушу эске алынууга тийиш эле. Бүгүнкү күндө Ош мамлеқеттик университетинин социалдык базасын чыңдап, техникалык, чарбалык ишин мыктылап койгон Каныбек Исаковдун аракеттери коомдо жакшы бааланууда.

Бирок министрлик менен ректорлук кызматтын айырмасы асман менен жердей. Ректорлук кызмат негизинен чарбалык иштерге жакын болуп, бир гана университеттин түйшүгү менен жүрсө, эми бүтүндөй бир тармактын саясатын жүргүзгөнгө милдеттүү. Ылаңы көп бул тармак азыр кардиналдуу реформаларга муктаж. Катасы арбын, мазмунундагы мүчүлүштүктөрү көп сапатсыз окуу куралдары боюнча сын көп. ЖОЖдордогу сапатсыз билим берүүнүн негизинде келечектеги педагогдор орто мектептин окуучуларына жеткиликтүү билим бере албай калганы өзүнчө көйгөй.

Мектептердеги ата-энелер фонду, камкордук фонду дегендер азыр ар бир ата-энени бушайманга салып, жакынкы аралыкта өкмөткө нааразычылык уюштуруучу негизги фактор болгону турат. Авариялык мектептер, контейнердеги окуган окуучулар боюнча айтуунун зарылчылыгы жок. Дал ушул оор кырдаалды женгө салып, реформа жасоо өтө чоң көйгөй. Өкмөттүн бюджетиндеги каржылык каатчылык, ал жердеги интригалар, эмдиги жылы болчу парламенттик шайлоого даярдык жаңы министр Исаковдун колун тушабайт деп айтуу кыйын. Демек. Каныбек Исаковдон азырынча көптү күтүү эртелик кылат деп айтсак жаңылбайбыз… Андыктан эң кур дегенде филолог Исаковдон азырынча ката жазган сабатсыздыкты токтотот деп үмүт артып туралы…

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: