Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси, абакта жаткан Болсунбек Казаковду үй камагына чыгарды. Маалым болгондой Казаков 2018-жылы апрель айында камалган. Үй камагына да бекер чыгарылбаса керек. Жакында ал жаңы кодекс деген балээ менен эркиндикке чыгышы да мүмкүн. Казаковго Максим Бакиевге таандык делген коттедждердин сатылышына байланыштуу айып коюлган. Казаковдон башка бул иш боюнча эки адам да камалган. 2017-жылдын күзүндө Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына жакын жердеги 48 коттедж 12,4 гектар жери менен аукцион аркылуу 142 миллион сомго сатылганын билдирген. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын мүлкү болгону жана улутташтырылганы айтылган. Аукциондо коомчулукка белгисиз «ВостокТехКомплект» компаниясы уткан болчу.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ