Сокулук районунун Новопавловка айылында жол кырсыктан бир адам каза болду.
Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, кырсык бүгүн, 8-декабрда болжол менен саат 04:30да болгон. Mitsubishi жана Nissan үлгүсүндөгү эки унаа сүзүшүп, бир адам жеринен мерт кеткен. Кырсыктан жабыркаган 2 адам ооруканага жеткирилген.
Учурда каза болгон адамдын өздүгү такталууда.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ