Menu

Гүлнара Каримова Швейцариядагы сотто утуп чыкты

Бөлүшүү:

Өзбекстандын мурдагы президентинин тун кызы Гүлнара Каримова Швейцариядагы сотто утуп чыкты. “Bloomberg” басылмасы жазгандай, бул жеңиш анын эсеби жабылган 350 миллион долларын кайтарып алууга мүмкүнчүлүк берет. Анын адвокаты Грегуар Манжа бул маанилүү утуш экенин айтты.

Швейцариянын Федералдык апелляциялык соту 3-декабрда Каримованы Гибралтарда каттоодон өткөн “Takilant” компаниясынын мыйзамдуу өкүлү деп табууга байланышкан арызын канааттандырды. Бул компаниянын Швейцариядагы банк эсебиндеги акча 2018-жылы кылмыш ишине байланыштуу жабылган.

Гүлнара Каримова Ташкент облусундагы түрмөдө отурат. Ага «Опузалап мүлктү менчиктеп алуу», «Ыксыз сарптоо», «Кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдоо» беренелери менен айыптар коюлган жана ал 2020-жылдын 18-мартында 13 жыл төрт айга эркинен ажыратылган.

Ушул жылдын сентябрь айында Швейцария менен Өзбекстан Каримованын акчасын кайтаруу боюнча макулдашкан. Ага ылайык, Каримованын 2012-жылдан бери Швейцариянын банктарында сакталып турган 131 миллион доллары Ташкентке которулары айтылган.

Анын алдында, май айында Франция Каримованын 10 миллион доллар активин Өзбекстанга кайтарып берген.

В настоящее время Гульнара Каримова содержится в женской колонии в Зангиатинском районе Ташкентской области.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − 87 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: