Menu

Назаркул Ишекеев: «Молдо Кылыч ойчул-реалист гана болбостон, ал гуманист да болгон»

Бөлүшүү:

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеевдин “Молдо Кылыч – улуу акын, даанышман ойчул” аттуу илимий-тажрыйбалык конференциясынын ачылышында сөз сүйлөдү. Бул туурасында комиссиянын басма сөз кызматы маалымдайт.

“Молдо Кылыч – кылымдар бою оозеки өнүккөн көркөм сөз өнөрүн жаңы багытта, жазуу маданиятында өркүндөткөн, сөздүн толук жана терең маанисинде, кыргыз адабиятынын классиктеринин бири”, – деп баштады Н.Ишекеев өз сөзүн

“Албетте, турмуш-тиричиликтин жакырчылыгын калыбына келтирүүгө болот, буга кыргыздын көөнө тарыхы менен азаттык жылдарындагы оор күндөр айкын күбө, бирок, руханий жакырчылыкты учуру өтүп кетсе анны кайра калыбына келтирүү абдан кыйынчылыкка турат. А кээде болбой калышы да мүмкүн. Ушул өңүттөн алып караганда бүгүнкү күн – баарыбыз үчүн рухий олжонун ооматын тартуулаган күн.

Окумуштуу Т.Саманчиндин билдирүүсү боюнча, Молдо Кылычтын чыгармаларын көчүрүп, жаамы калкка тараткандардын бири – көрүнүктүү жазгыч акын Ысак Шайбеков. Кийинчерээк бул багытта Белек Солтоноев, Ишеналы Арабаев сыяктуу агартуучулар ат көтөргүс кызматтарын кылып, опол тоодой салымдарын кошушкан.

Ал эми Кеңеш доорунда Молдо Кылычтын көркөм баалуулуктары – ушунчалык келишпес талаш-тартыштын «көк бөрүсүнүн» предметине айланып,  ушунчалык кайчылаш көз караштардын «чагылгандай чагылышына» туш келген тагдыр-жазмышты башынан өткөрдү. Албетте, буга улуттук адабияттын, анын ичинде Молдо Кылычтын чыгармачылыгына болгон методологиялык туура эмес мамиленин, дагы тагыраак айтканда, таптык кызыкчылыктарга таянган натура философиялык жагдай шарт түзгөн. Мунун натыйжасында акындын адабий мурасын эң биринчи илимий системалуу түрдө жарыялаган жана изилдеген көрүнүктүү окумуштуу Тазабек Саманчиндин жана Жапар Шүкүровдун кейиштүү тагдырлары өзүнчө сөз кылууга арзыйт.

Бүгүнкү күндө жалпы улуттук жана адамзаттык баалуулуктардын бийиктигинен иликтөөгө багытталган методологиялык таанып-билүү жетекчиликке алынуу менен акындын чыгармачылыгынын жаңы кырлары, жаңы сырлары ачылууда. Адабий багытта Б.Юнусалиев, Ш.Үмөталиев, К.Асаналиев, С.Жигитов, А.Садыков, А.Акматалиев, О. Сооронов, К.Даутов, А.Эркебаев, А.Обозканов, ж.б., философиялык өңүттө Т.Аскаров, М.Абдылдаев, А.Какеев, Г.Ботоканова, Ы.Мукасов, А.Дөнөнбаев, А.Кулмамбетова, В.Жаныбекова ж.б., педагогикалык алкакта С.Байгазиев, Н.Ишекеев, А.Муратов, А.Турдугулов, А.Шеримбекова ж.б. изденишүүдө.

Асыресе, тарыхый адабий мураска реалдуу көз жүгүртүп, айкын баа берүү бүгүнкү күндө окумуштуулардын ыйык милдети жана укугу.

Акын кыргыз элинин илимге чейинки салттуу билимин терең жана ар тараптуу өздөштүргөн инсан болгон. Ошондуктан, турмуштук жаңы көрүнүштөргө салттуу билим аркылуу баа берген. Менимче, ал салттуу билим менен турмуштук жаңы кубулуштардын ортосунда туруп, акыйкатта, көркөм-эстетикалык негизде ой чайкаган жана айтылуу чыгармаларын токуган.

Акын жашаган доордун эң негизги көйгөйлөрүнүн бири – улуттук аң-сезим проблемасы. Андыктан, кыргыз элине таандык каада-салттарды, адептик баалуулуктарды сактоо аркылуу, улуттук аң-сезимди өнүктүрүүгө түрткү берүүчү булак катарында акын улуттук этнотаанып-билүүнү, этномаданиятты, этнопедагогиканы жана этнопсихологияны көркөмдүк жактан даңазалоо аркылуу кандайдыр бир даражада аны коргоого чакырат.

Акын ырларында Кыргызстандын Россиянын курамына киришине байланыштуу, элдин жашоо-тиричилигине кирген айрым көрүнүштөрдү, кубулуштарды, багыттарды жана андагы жаңы менен эскинин, оң менен терстин, бар менен жоктун ж.б. күрөшүн чагылдырган. Реалдуу ой-жүгүртүү аркылуу ошол доордун маңызын поэтикалык негизде ачып берүүгө аракет кылуу менен улуттук менталитеттин өзгөчө образын, өзгөчө бейнесин, өзгөчө портретин поэтикалык негизде ишенимдүү тартып берүүгө жетишкен.

Молдо Кылычтын жалпы чыгармачылыгында өтмүшү болбой келечектин болбой тургандыгы, бүгүнкү күн  менен келечек түзүлөрү жөнүндөгү ой жүгүртүүлөр даана байкалат. Бизге ойчулдун өткөнгө кайрылуусу, анын тарыхый эс-тутумун көркөм-эстетикалык жактан бекемдөөгө негиз берген. Өткөнгө кайрылуу менен, ал азыркыны, анын көз алдында өзгөрүлүп жаткан чындыктын реалдуулугу жөнүндө көркөм-эстетикалык ой чайкоого мүмкүндүк берген.  Акын кыргыздардын жашоо-тиричилигине байланыштуу тарыхый булактарды учур менен терең айкалыштыра алган. Акындын диахрондуу да, синхрондуу да ой-чабыты терең ашталып, интеграцияланып, чыгармаларына мазмундук жана образдык жактан ар тараптуу көркөмдүүлүктү, нарк-насилдүүлүктү берип турат.

Молдо Кылыч ойчул-реалист гана болбостон, ал гуманист да болгон. Анын дүйнө таанымынын борборунда адам турат. Ойчул кандай гана көйгөйгө (үй бүлө, нике, улуулар менен балдардын, башкаруучулар менен элдин өз ара мамилелери) кайрылбасын, ал бардык маселелерди гумандуулуктун өңүтүндө көркөм жалпылаштырат.  Анын ою боюнча адамдын баалуулугу анын адеби, абийири, ыйманы, ызааты менен бекемделет.

Молдо Кылычтын дүйнө таанымындагы карама-каршылык, албетте, XIX кылымдын экинчи жарымындагы Кыргызстандын Россиянын курамына кошулушуна байланыштуу. Салттуу жашоо-тиричиликтин бузулушу жана коомго жаңы системаны орнотуудагы ар түрдүү мамилелерге булак болду. Ошондогу социалдык-тарыхый жана руханий-психологиялык кырдаалдарды чагылдырууда автор улуттун иденттүүлүгүн аныктаган тил, тарыхый эс-тутум, салт-санаа, кыргыз жери, дин баалуулуктарынын өстөнүндө карап,  поэтикалык жактан жалпылаштырат жана көркөм-эстетикалык табылгаларын табат.

Молдо Кылычтын ою боюнча жакшылык жана жамандык, достук жана кастык, адилеттик жана карөзгөйлүк, бакыт жана таалайсыздык ж.б.  өңдүү эпикалык түшүнүктөр реалдуу жашоону, адамдын социалдык ишмердүүлүгүн аныктап, жалпы адамзаттык баалуулуктарды чагылдыруучу дөөлөт болуп эсептелет. Адепти жакшыртуунун маанилүү шарты – Молдо Кылычтын ою боюнча билим алуу, билимге умтулуу. Акындын педагогикалык ойлорунун идеялык башаты фольклордо, соңку орто кылымдын легендарлуу инсандары Асанкайгы, Толубай сынчы, Санчы сынчы, 19-кылымдын көрүнүктүү өкүлдөрү Калыгул, Арстанбектин чыгармаларында берилген тарбия жаатындагы идеялар, билим берүү багытындагы ойлор, ислам дининдеги ыймандык жагдайлар менен камыр-жумур аралашып, синтезделип, жаңы деңгээлдерди, жаңы бийиктиктерди, жаңы горизонтторду бүгүнкү күндө да көрсөтүүдө.

Молдо Кылыч өмүрүнүн аягына чейин агартуучулук чыгармачылык ишмердүүлүгү аркылуу өз элинин сабаттык, билимдик потенциалын, рухий деңгээлин көтөрүүгө байыртадан калыптанып жана өнүгүп келген этномаданий баалуулуктарды сактап калууга жана өнүктүрүүгө аны коомдун прогресси үчүн максаттуу пайдалана билүүгө чын дилден аракеттенген. Акындын мындай аракети түздөн-түз адамды өнүктүрүүдөгү акыл-эсти өнүктүрүүчү жагдай менен гана чектелбестен, адептик таалим-тарбия берүү менен коштолгон.

Молдо Кылычтын педагогикалык ойлорунда эстетикалык тарбияны өз кучагына алган баалуулуктар да кенен орун алган. Алар төмөнкүлөр: сулуулук, көрктүүлүк, түбөлүктүүлүк, объективдүүлүк, кооздук. Алардын негизги мазмунун адам, кыргыз жери, жаратылыш, анын сулуулугу түзөт. Мисалга, «Канаттуу» деген актуалдуу ырында 90 дон ашык канаттуулардын аты аталса, «Чүй баяны» чыгармасында  140ка чукул жан-жаныбардын аты аталган. «Бүркүттүн тою»  аттуу проблемалуу чыгармасында жетимиштен арбын жаныбарлардын аты тастыкталат. Бул өзүнчө эле поэтикалык орнитология.

Ал эми даанышман ойчул  Молдо Кылычтын классикалык «Чүй баяны» чыгармасында 130га жакын өсүмдүктүн аты аталган, алардын адамдарга пайдалуу маани-маңызы көркөм-образдуу табияты этноботаникалык планда шөкөттөлгөн. Бул көркөм-эстетикалык жана маданий-философиялык  сейрек учуроочу поэтикалык  көрүнүш.

Булар, сөздүн терең маанисинде, геоморфология, биоморфология менен аталыштын айкын, элестүү жана поэтикалуу, реалдуу чагылыш. Залкар  чыгармаларда ааламдагы геофизикалык кубулуштар, климаттык мүнөздөмөлөр, атмосферанын тунуктугу жана алардагы өзгөрүүлөрдүн табигый динамикасы, кээде антропогендик факторлору да  априордуу негизде көркөм-образдуу шөкөттөлөт. Алар – асыл казына жана улуттук баалуулук. Көрсө, жаратылыш канчалык бай болсо, биочөйрө канчалык түркүн түстүү болсо,  тилдин лексикалык кору  ошончолук мол, күчтүү, образдуу касиетке жана “ядролук” энергияга ээ болот экен. Бул Молдо Кылычтын чыгармаларында таасын көрүнөт.

Молдо Кылычтын чыгармачылыгындагы борбордук орунду «орус маселеси» ээлейт. Империянын чет жактагы элдер менен мамилеси боюнча Россия падышачылыгынын саясаты: коомду башкаруунун жаңы системасы, товардык-акча мамилелери, мамлекеттин өзүн-өзү камсыздоосу, саясий жана экономиканын күчтөнүшү ж.б. Молдо Кылыч аны адаттан тышкары кубулуш катары, өзгөчө көрүнүш катары акылынан да, жүрөгүнөн да өткөрүп, уникалдуу саптарын жараткан. Кыргыз коомундагы түп-тамырынан берки бардык сапаттуу өзгөрүүлөрдү, социалдык жашоодогу терең карама-каршылыкты орустардын келиши менен байланыштырган. Акындын орус адамына болгон көз карашын эволюциясы менен жарыш этностун эртеңки тарыхый тагдыры менен келечеги жөнүндөгү зор мекенчил көркөм-эстетикалык идеялардын, поэтикалык ачылыштардын катмарланган кенчи жатат.

Молдо Кылычтын чыгармачылык ишмердүүлүгүнүн башталышы анын устаттары Калыгул жана Арстанбектикиндей «орус» түшүнүгү жалпысынан, терс, кыргыз элинин рухуна каршы келген түшүнүк катары бааланса, кийинчерээк, өнүгүү жана жаңычылдык катары көркөм-эстетикалык туюндуруунун жаңы уклатына өткөн.

Жыйынтыктап айтканда, Молдо Кылычтын чыгармаларын аралап өткөн башкы идея – жаратылыштын мыйзамдарын сыйлабоо, аны менен эсептешпөө, шайкеш жашоого аракеттенбөө орду толгус кесепеттердин булагы. Дал ушул улуу ойлор акындан ырларынын подтексттинде «көмүлүп» жатат”.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: