Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун аймагындагы Тескей Ала-Тоо кыркасында жайгашкан 4142,2 метр бийиктиктеги аты жок чокуга “Апрель революциясынын баатырлары чокусу” деген географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
КР маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковдун айтымында, мыйзам долбоору “Апрель революциясынын” баатырларынын ысымдарын түбөлүккө калтыруу максатында сунушталган.
Жыйын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин баардык фракцияларынын мыйзам долбоорун 3 окууда колдоо боюнча боюнча чечими бар экени белгилүү болду.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору 3 окууда добуш берүүгө жиберилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ