Президент Атамбаев бүгүн, 23-июнда, Россия Федерациясына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Башкырстан Республикасынын Башчысы Руcтэм Хамитовдун коштоосу менен Россия Илимдер академиясынын Уфадагы илимий борборунун Р.Г.Кузеев атындагы этнологиялык изилдөөлөр институтуна караштуу археология жана этнография музейинде болду. Бул туураслуу Президенттин Аппаратынын расмий сайты жарыялады.
Мамлекет башчысы экспонаттарды көрүп, археологиялык табылгалар менен таанышып чыкты.
Андан кийин Башкырстан Республикасынын Башчысы Рустэм Хамитов Президент Алмазбек Атамбаевди аэропортко чейин узатып барды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ