Бүгүн, 26-ноябрда, “Кыргыз темир жолунун” бир нече жумушчулары “Пишпек” темир жол бекетинде митингге чыгышты. Алар мамлекеттик ишкананын башкы директору Василий Дашковго каршы.
Нааразычылык акциясында Дашковду кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпташууда. Жумушчулар Садыр Жапаровго бул туурасында далилдер бар дешет жана аны берүүгө даяр экендигин белгилешет.
Белгилей кетсек, азыркы учурда Садыр Жапаров президенттикке талапкер жана эч кандай кызмат ордун ээлебейт.
Митингчилер ошондой эле Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын башчысы Сыймык Жапыкеевден “Кыргыз темир жолу” ишканасында орун алган мыйзам бузуулар менен күрөшүүнү талап кылышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ