Бишкекте Спорт ордосунда 2021-жылдын 1 жана 2-январында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Бек Борбиевдин концерти өтөт. Бул тууралуу ал өзү Фейсбук баракчасы аркылуу жарыялады.
Белгилей кетсек, учурда COVID-19 пандемиясына байланыштуу чектөөлөр бар – жакында гана кинотеатрлар жана фуд-корттордун иштешине уруксат берилди.
Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева декабрдын башында корпоративдик кечелерге жана майрамдык иш-чараларга тыюу салынарын жарыялаган. Бул тыюу салуулар концерттерге тиешеси жок окшойт.
Спорт Ордосунун директорунун милдетин аткаруучу Эмил Заярко, концертте бардык чаралар көрүлөрүн журналисттерге билдирди.
“Өкмөттүн 26-ноябрдагы токтомуна ылайык, биз маданий иш-чараларды бардык санитардык талаптарды эске алуу менен өткөрө алабыз. Эгерде эпидемиологиялык кырдаал курчуп кетсе, анда биз иш-чараларды убактылуу токтотобуз”, – деди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ