Жаңы жыл алдында, 29-декабрда Монголиянын президенти Х.Баттулга, парламенттин спикери М.Энхболд, премьер-министр У.Хүрэлсүх жана башка расмий адамдар өлкөнүн көз карандысыздыгынын кайра калыбына келүү күнүнө карата Чыңгызхандын эстелигине келишип, баш ийип таазим этишти. Бул тууралу монгол сайттары жазып чыгышты.
Бул церемония учурунда өлкөнүн эң башкы аянтында ардактуу кароол коюлуп, Монголиянын улуттук гимни жаңырып турду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ