Menu

Фото – Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова: Жарандар «Ачык өкмөттүн» ишинин жыйынтыгын көрүш керек

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова «Ачык өкмөт» (Open Government Partnership) Өнөктөштүгүнүн өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасы Борбордук азия аймагынан биринчилерден болуп «Ачык өкмөт» Өнөктүштүгүнө кошулганын, Өкмөттү ачык-айкын иштөөгө алып келүү негизги максат экенин эске салды.

Ал Өкмөттүн маалыматтарынын ачыктыгына жана отчёттуулугуна жарандардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууну жакшыртуу боюнча мамлекеттин милдеттери жазылган 2018-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасындагы «Ачык өкмөттү» түзүү боюнча иш-чаралардын Улуттук планында каралган милдеттемелерди ишке ашыруу жөнүндө маалымат берди.

Алтынай Өмүрбекова иш-чаралардын Улуттук планын аткаруу тууралуу жарым жылдын отчётунда аткарылган милдеттемелерге оң баа берилген, бирок бир катар кемчиликтер дагы бар экенин белгиледи. Анын айтымында, кийинки иш-чаралардын планын иштеп чыгууга киришүүдөн мурда, алган милдеттенмелердин өз мөөнөтүндө аткарылбай калганынын себебине дыкат анализ жүргүзүү керек жана айрым иш-чаралар кийинки планга жылышы мүмкүн.

«Кыргыз Республикасындагы бардык министрликтер жана мекемелер ачык иштегенге кызыкдар жана чараларды сунуш кылууда. Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия, Жогорку Сот, Жогорку Кеңеш долбоорду ишке ашырууга катышууга даярдыктарын билдиришти», – деди Алтынай Өмүрбекова.

Вице-премьер-министр эң негизгиси жарандар «Ачык өкмөттүн» оң натыйжасын көрөт, ал эми жыйынтыгында бардык бийлик бутактарынын ишине коомдук көзөмөл күчөгөндөй болушу керектигин белгиледи.

«Планды талаптагыдай аткаруу үчүн жарандык коом менен мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн тыгыз кызматташтыгын камсыз кылуу керек. Кыргызстандагы жарандык коом маанилүү чечимдерди кабыл алууга активдүү катышат. Прогрессивдүү мыйзамдар жарандык коомдун түздөн-түз катышуусу менен түзүлдү», – деп белгиледи Алтынай Өмүрбекова.

Ал ошондой эле Кыргыз Республикасы мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана адам факторун азайтуу максатында маалыматтык технологияларды киргизүүгө өзгөчө маани берээрин кошумчалады.

Өз кезегинде Open Government Partnership Өнөктөштүгүнүн өкүлдөрү Кыргыз Республикасында «Ачык өкмөттү» куруу боюнча иш-чаралардын Улуттук планынын ишке ашуусу жөнүндө көз карандысыз отчёт даярдалып жатканын жана анын жыйынтыктары 2019-жылдын октябрь айынын аягында даяр болоорун билдиришти.

Көз карандысыз эксперттер кыргыз тараптын аракетине баа бериш керек. Кыргыз Республикасынын Парламентинин дагы бул долбоорго кошулушу маанилүү деп эсептейт Open Government Partnership өкүлдөрү.

Алар ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун алдында чоң милдеттер турат, бардык мамлекеттик органдар максатка жетүү багытын алдыга коюш керек дешти.

Маалымдама: «Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгү (OGP)- өкмөттөрдүн ачыктыкты, жарандардын укуктарын жана мүмкүндүктөрүн кеңейтүүнү, коррупция менен күрөштү жана башкарууну күчөтүү үчүн жаңы технологияларды колдонууну камсыздоо боюнча милдеттемелерин ишке ашырууга багытталган көп тараптуу демилге.

Кыргыз Республикасы Өнөктөштүккө 2017-жылы өткөн, ал эми 2018-жылы аткарууга 19 милдеттемени кабыл алган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: