Menu

Азиз Суракматов хандык доорду эрте баштап алды

Бөлүшүү:

Эне тилинде булдуруктап сүйлөгөн Азиз Суракматов Бишкек шаарына мэр болуп келгенде коомчулук каршы чыккан. Бирок, ал адамды борбор калаанын башчылык ордунан көргүсү келген «олигархтар» Суракматовдун айткандан баш тартпай аткара турган, көрсөткөн жол менен кете берчү элпектигин биринчи орунга койсо керек. Суракматов Бишкектин мэри болуп келгенден бери ага таандык делген “Елизавета” курулуш  компаниясынын ити да чөп жей баштады.

Ушул курулуш компания шаардын түштүгүндөгү кичи районго салган көп кабаттуу үйдүн алдындагы жумуштарды мэрияга баш ийген структуралардын кызматкерлери барып жасап жатканы маалымат каражаттары аркылуу жеринен көрсөтүлгөн. Ким мэр болуп келсе ошол адамдын жеке кызыкчылыгы бүтүндөй борбор калаанын кызыкчылыгынан жогору тура береби? Ак үйдүн түндүк тарабында, депутаттар көп тамактанган Тоголок Молдо көчөсүндөгү “Арзу” кафесинин сол жамбашы тарапта курулушу бүтпөй, жарымына келгенде токтоп калган имарат бар болчу. Ал имарат маркум депутат Улан Чолпонбаевге таандык деп айтылып келчү. Ошол имарат мыйзамсыз деп табылганы үчүн курулушу токтотулгандай болгон. Азыр мыйзамсыз деп иш жүрбөй турган имарат алты кабат болуп, чатыры жабылып, тышы сары таш менен кооздолуп бүтүп калды. Кайсыл адам мыйзамсыз деп табылган курулушту кайра жандандырууга кудурети жетти экен? Курулуштун ээси делген Улан Чолпонбаев чын дүйнөгө кетсе, ким ээлик кылып жатат?- деп баш ооруткандар оголе көп болсо керек. Курулуштун чыныгы ээси да жаңы эле мэр болуп ишин баштаган Азиз Суракматов болуп чыгып жатпайбы. Бул имаратка Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаевдин да тиешеси бар экени айтылып жүрөт. Кароосуз калып кеткендей болгон курулуш Суракматов мэр болгондон баштап жанданып, азыр жалтырап жанып турат. Беш жыл депутат болуп беш ооз сөз айтканга жарабаган Азиз Эмилбекович алты кабаттуу имаратты чатырын ачып тогуз же 12 кабаттуу кыласыңар, документтерин ошого ылайыктагыла деп кол алдындагыларга тапшырма берип жатканы чындыкпы?

Ошонусу чын болсо Суракматов шаар тургундарын ойлобой эле, өзүнүн бүтпөй турган имараттарын оңдоо менен алектенгени ырасталат да! Мыйзамсыз курулган имараттардын баары сүрдүрүлөт деп аткан мэр өзүнүн мыйзам деп табылган имаратын куруп бүтүрүүгө кандай жол тапты экен? Өзүнө келгенде “мыйзамсыз курулган” деген сөзү өтпөй калабы? Курулуп бүтүп калган имарат кооз болгону менен жанындагы Тоголок Молдо көчөсүндөгү тротуар жолдор талкаланып, жөө адам тротуардан маралчасынан секирип эле жүрбөсө, баса албайт. Мэр таң эрте башка аймактарды кыдырууга чыкканда өзүнө таандык болгон имараттын жанындагы абал менен таанышып койсо неге болбосун?! Жок дегенде тротуарды оңдоп койгула деп тапшырма бергенге духу жетсе керек. Же мэр болуп көп олтурбайм, кеткиче иштеримди бүтүрүп алайын деген ой менен иш кылып атабы? Ансыз деле Азиз Суракматов эки айдан кийин эле Мамкурулушка кетет экен деген сөздөр чыгып жатат.

Жапар Акылбеков   

Булак: «Жаңы Ордо»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: