Menu

Видео – Батукаевдин ишине байланыштуу дагы бир шектүү Абдухалим Раимжанов да журналисттерден качат…

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-октябрда, Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш ишинин соту жабык эшик артында каралды. Ага журналисттер киргизилген жок.

Сотко Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов жана мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева келди. Бул жолу да экс-президент Алмазбек Атамбаев келген жок. Ошондон улам, сот эртеңкиге, 15-октябрга саат 14:00го жылдырылды.

Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш ишинде шек саналып жаткан Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов экинчи ирет сот отурумуна келгени менен журналисттерге жооп берүүдөн баш тартып келет. Бүгүн да суроодон качып койду, атүгүл сүрөткө түшпөй качып жатты. Анткени менен бир жолу бул иште күнөөсү жок экенин, ошондуктан тергөө менен кызматташууга кол коюудан баш тартканын журналисттерге айтканы бар.

Эске сала кетсек, Батукаевдин иши боюнча алгачкы сот 11-октябрда Биринчи май райондук сотто болмок, Атамбаев сот отурума келүүдөн баш тартып койгонуна байланыштуу 14-октябрга жылып калган. 11-октябрда сотко мурдагы башкы прокурорлор  Аида Салянова менен Индира Жолдубаева келишкен. Жолдубаева журналисттердин суроолоруна жооп бербей качкан. Ал эми Салянова бул иш боюнча тергөөгө буга чейин айтып келген эле маалыматтарды айтып бергенин айткан.

Эскерте кетсек, оор кылмыштар үчүн соттолгон Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Атамбаев бийликте турган үчүн бул иш жабык бойдон калган. Сооронбай Жээнбеков президент болуп келгенден кийин, алты жылдан кийин, бул иш кайра козголуп, бир топ тиешеси бар адамдар соттолуп, үй камагына чыгып отурат. Жыйынтыгында, Атамбаев өзү да абакка отуруп калды, тагырагы, Батукаевдин ишине байланыштуу ага «Коррупция» беренеси боюнча айып коюлган. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында камакта.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: