Кечээ, 14-октябрь күнү Вашингтон шаарында экинчи Эл аралык маданий балдар фестивалы Роналд Рейган атындагы Дүйнөлүк соода борборунун имаратында АКШда аккредиттелген 30 чет өлкөлүк элчиликтердин колдоосу менен өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын АКШдагы жанан Канададагы элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.
Бул иш-чаранын максаты көркөм өнөр, билим берүү жана атайын иш-чаралардын уюштуруу жолу менен ар бир маданияттын байлыгы, ар түрдүүлүгү жана оригиналдуулугу аркылуу маданият таанытуу болду. Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчилиги аталган иш-чаранын алкагында америкалык аудиторияга кыргыз элинин маданияты, каада-салттары, туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди жана жаш балдарга улуттук чүкө оюнун көрсөтүп жана башка атайын иш-чараларды өткөрдү.
Экинчи Эл аралык маданий балдар фестивалынын алкагында Эл аралык балдар арасындагы улуттук кийим көргөзмөсүндө кыргыз тарабы иш-чаранын катышуучуларына балдарын улуттук кийим-кечесин тартуулады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ